Жогорку Кеңеште жаңы кодекстер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берет

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин жыйынында мындан тышкары 9 маселе каралат.

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан