Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өкмөт өткөн жумада айдоочулук күбөлүк менен техникалык паспорттордун жаңы үлгүсүн чыгара турганын жарыялаганын айтты.
"Эң негизги аргумент жасалмалуулукка каршы туруу деп жатышат. Бул кадамдар реформа, элге жеңилдик берүү кадамдарыбы? Тилекке каршы, андай эмес. Жаңы кодекс боюнча, айдоочулук күбөлүгүңүз жок болсо 5500 сом айып салынат, унутуп калсаңыз 1000 сом төлөйсүз. Ошону жол коопсуздук кызматкери кантип аныктайт? Аны тастыктоонун методологиясы жок. Башка мамлекеттерде кантип иштейт? Грузияда кандай иштейт? Премьер-министр өзү да барып келди. Грузияда айдоочулардын жанында сөзсүз түрдө айдоочулук күбөлүгү болсун деген норманы алып салган. Жеңилдетүү шартын түзүп койгон. Керек болгон учурда электрондук база менен текшерип, толук маалымат алса болот. Андай кадамдар жасалган жок. Тескерисинче, жаңы үлгүнү ойлоп таап, элден акча алып жатышат. Негизи бул кодекстер толугу менен иштеп кетиши боюнча өкмөттүн иш-чаралары жок, жетиштүү эмес, элдин кыжырын келтирип жатасыңар. Мындай болсо өкмөт отставкага кетиши керек же жакшылап иштеши шарт. Кашыктап чогулткан абийирди чакалап төгүп жатасыңар”, - дейт Маматалиев.