Депутат Жамалдинов "жаңы кодекстер күчүнө кире электе укук коргоо органынын кызматкерлеринин маалыматы болгонбу?" деп сурады

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңеште депутат Зиядин Жамалдинов "жаңы кодекстер күчүнө кире электе укук коргоо органынын кызматкерлеринин маалыматы болгонбу?" деп сурады.

"2017-жылы 5 кодекс 2019-жылы ишке кирсин деп кабыл алынган. 2 жыл ичинде кодекстер тууралуу окуп, билсин деп убакыт берилген. Бул жерде укук коргоо органынын жетекчилери отурат. Укук коргоо органынын кызматкерлеринин бул боюнча маалыматтары барбы?" - деп сурады Жамалдинов.

Укук коргоо органын жетекчилери буга чейин окутуулар өткөнүн айтышты.

Парламент жыйынында 2019-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан