Парламентте жаңы кодекстерди иштеп чыккандардын аттары аталды

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөт өкүлдөрүнөн жаңы кодекстердин авторлору ким экенин сурады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, бул боюнча Лейла Сыдыкова башында турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамында 7 адам болгон.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эксперттердин атын атады.Анвар Гафуров, Гульмира Дербишева, Мыктыбек Мамышов, Алтынай Сманалиева. Булар кодексти иштеп чыккандар. Авторлордон депутаттар болгон”, - дейт Асанов.

Момбеков кайсы депутаттар экенин сурады.

Курсан Асанов азыр эсинде жок экенин айтып, бул боюнча кат түрүндө жооп бере турганын билдирди.

Учурда жыйында 2019-жылдын 1-январынан тарта колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан