Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов "айып пулду төлөп, кайра мас болуп автоунааны айдай бергенге болобу?" деген суроосуна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "ооба, ооба" деп жооп берди.
Пирматов: "Унааны мас абалында башкарган жаран айып пулду төлөгөндөн кийин айдоочу күбөлүгү сакталабы?" - деп сурады.
Жеңиш Разаков айдоочу күбөлүк кандай эреже бузуу болсо дагы алынбай турганын белгиледи.
Пирматов: "Колунда бар адам арак ичип, 17 500 сом төлөп, кайрадан мыйзам бузуп жүрө берсе болот экен да. Өзгөртпөйсүздөрбү. Менин оюма койсоңуз айып пул 170 миң сом болсо да аз. Аны өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратуу керек. Автокырсыктардан каза болгондордун саны Ооган согушунан каза болгондордон дагы көп. Түкүрүк боюнча артка чегингендей, бул боюнча дагы артка чегинбегиле", - деди.