Мирлан Бакиров митингге чыккан 4 жаранды кабыл алып, алардын талаптары тууралуу айтты

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров митингге чыккан 4 жаранды кабыл алып, алардын талаптары тууралуу айтты.

"Митингге катышып жаткан Аманбол Бабакуловду, Мелис Аспековду, Бактыбек Нуракул уулун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары кабыл алдым. Алар Кытай жарандарына жарандык берүү, тышкы карыздар, Миграция кызматынын статусу боюнча маселелерди айтышты. Ошондой эле элдик көзөмөл коомдук уюмун түзүү маселесин коюшту. Бул боюнча комиссия түзүүнү спикер Дастанбек Жумабековго айттым.

Мындан тышкары КТРК тууралуу кайра-кайра баса белгилеп айтышты. Аталган канал коомдук эмес, тар чөйрө болуп калгандай ой жаратканын билдиришти. Мен дагы айтып кетет элем, КТРКнын жетекчиси коомдо, парламентте болуп жаткан иш-аракеттерди акыйкат, калыс чагылдырып турушун камсыз кылышы керек. Төрага тийиштүү комитеттерге тапшырма берип, митингге чыккандардын койгон талаптарын карап чыгуусун сунуштайм", - деди Бакиров.

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы митинг өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан