Депутат Орозова Миграция кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирүү керектигин айтты

Депутат Карамат Орозова Мамлекеттик миграция кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Өткөн жылдан бери ушуну сунуштап жатам. Бул боюнча өкмөттүн ой-пикири кандай? Миграция - бул чоң маселе. Мигранттар аймактардан кетип жатат. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле. Бирок Миграция кызматынын аймактарда бөлүмдөрү жок”, - деди ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн түзүмү каралып жатканын билдирди.

Учурда жыйында миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан