Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова: “Парламент өкмөт өкүлүнүн түшүндүргөн жагдайын кабыл алып, маселени кароону улантышса болмок”

Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна парламенттин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова жооп берди.
Ал чиновникке орой мамиле жасабоо керек болчу дейт.
“Жогорку Кеңеш - эл өкүлдөрүнүн жыйыны өтө турган бийликтин бир бутагы. Ал жердин оң жагында президент отурат. Ошондуктан Жогорку Кеңешке кийинип келүү этикасы бар. Жөнөкөй пол жууган адамдан баштап кийинүү тартиби айтылган. Бирок кечээги окуяны форс-мажордук жагдай деп коёт. Эгерде ал кишинин жетекчиси ооруп калып, ошол кызматкер жумушуна жөнөкөй эле кийинип келсе, ага орой мамиле жасабоо керек. Ал киши депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткандан кийин орой мамиле кылбай, анын түшүндүргөн жагдайын кабыл алып, маселени кароону улантышса болмок. Анткени ошол жактагы маселе каралып, чечилиши керек да. Маселени чечүү үчүн келген чиновниктин түшүндүргөн жагдайы менен эсептешүү зарыл. Себеби ал киши Жогорку Кеңештин жыйынына барарын билбептир. Эгер билсе ар бир адамдын гардеробунда костюм шымы жана ак көйнөгү болот. Негизи эле Жогорку Кеңешке келген адамга кылдат мамиле кылынса деп ойлойм”, - деди Жолдошова.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан