Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Депутаттар бийлигин көрсөтөйүн деп жатышып, деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп коюшту"

Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Ал Жогорку Кеңеште кандай учур болбосун депутаттар этиканы сакташы керек экенин айтты.
“Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө бир эрежелерди киргизип алышкан го. Ал жерге өкмөттүн өкүлү футболкачан эмес, жемпирдин сыртынан костюм кийип келиптир. Кандай болбосун депутаттар деле этиканы сакташы керек. Элдин көзүнчө мамлекеттик кызматкерди минтип мазактаганы туура эмес. Жеке өзүм мазактоо катары кабыл алдым. Жалпы коомчулук деле ошондой кабыл алды. Чындыгында мындай эрежелер бар болсо, анда ал кишиге акырын айтып коюшса болмок. Ошол жерден деле бирөөдөн көйнөк таап кие калат эле. Бул жерде бийлигин көрсөтөйүн дедиби? Айтор, депутаттар бийлигин көрсөтөйүн деп жатышып, деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп коюшту. Биринчиден, мындай көрүнүш маданиятсыздык, экинчиден, депутаттар өздөрүн адамгерчилик жактан терс көрсөтүп алышты”, - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан