Кечээ, 16-январда депутат
Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү
Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп
сынга алган. Вице-спикер
Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна активист Улан Үсөйүн жооп берди.

Ал бир гана Жогорку Кеңеште эмес, Кыргыз мамлекетиндеги жарандар кийимге карап мамиле кылып калышканын айтты.
“Жогорку Кеңеште эмес, Кыргыз мамлекетиндеги жарандар кийимге карап мамиле кылганы мага жага бербейт. Негизи учурда курсагы тойбой жаткандар бар. Ал эми курсагы тойгондор элге көрүнүш керек деген түшүнүк менен жашайт. Бул нерсе бизде жугуштуу оору сыяктуу болуп калды. Жогорку Кеңеш болобу, жөнөкөй эл болобу адамдын кийими, анын сырткы келбетине карабашы керек. Тескерисинче, адамдын акылы, ички дүйнөсүнө карап мамиле кылынышы зарыл.
“Балык башынан сасыйт” дегендей, Жогорку Кеңештен баштап, бардык жерде ушундай көрүнүш болуп кетти. “Алыбай алына жараша” деп коёт. Алыбыз ошого эле жетип жатат. Ички дүйнөнүн байлыгы, иш жөнүндө сүйлөшпөй, сырткы көрүнүш менен эле күрөшүп жатабыз. Менин жеке пикиримде өкмөттө болобу, Жогорку Кеңеште болобу дресс-код деген болбошу керек. Кийим эч нерсени чечпеши зарыл. Аны биз адам катары карашыбыз абзел. Буга чейин эле Жогорку Кеңештин деңгээли кандай экенин билчүбүз. Эми кечээтен бери аны дагы бышыктап көрсөтүшкөнү өкүнүчтүү. “Уялбагандан өзүң уял” деген сөз бар го, алар уялбайт деле, мындай нерселерден өзүбүз уялышыбыз керек”, - деди Үсөйүн.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.