Журналист Дмитрий Ложников: "Кечээ депутаттар жөнөкөй кызматкерди эле эмес, бүт кыргыз элин кемсинтти"

Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна журналист Дмитрий Ложников жооп берди.
Ал Жогорку Кеңешке дресс-код коюлушуна каршы экенин айтты.

“Жогорку Кеңеш элдин кызыкчылыгын ойлогон орган болуп, ачык иш алып барышы кажет. Жарандар эл өкүлдөрүнө өз көйгөйлөрүн айтып келгенде өзгөчөлөнүп кийинүүнүн кереги жок. Кийимге чектөө коюп, "карапайым адамдар дагы костюм менен кирсин" деген туура эмес. Кечээ депутаттар жөнөкөй кызматкерди эле эмес, бүт кыргыз элин кемсинтти. Анын айлык акысы деле башкалар сыяктуу көп болбошу мүмкүн. Аны кемсинтүү менен өздөрү уят болуп калышты. Чиновник адам жыйынга акыл-эсин алып келип жатса кийиминде эмне иши бар? “Ордуңуздан туруп өзүңүздү тааныштырыңыз” дегени эмнеси? Депутатты эл шайлаган, ал эл өкүлү”, - деди Ложников.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүн жана медиа эксперт Азамат Тынаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан