Кечээ, 16-январда депутат
Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү
Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп
сынга алган. Вице-спикер
Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин жасай турган жумушу чиновниктерди дресс-коддон өткөрүүбү?" деген соболуна медиа эксперт Азамат Тынаев жооп берди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин жыйындар залына жеткенге чейин 2-3 өткөрмө пункту бар. Депутаттар мындай дооматтарын күзөттө турган кызматкерлерге коюшу керек.
“Жогорку Кеңештеги дресс-код алардын ички иши. Мекеме катары ал жакка келген кишилерди кийим-кечеси тууралуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алганга толугу менен укуктуу. Жеке эле парламентте эмес, ар бир мекеменин ички мыйзамдары болот. Ал жагын түшүнөбүз. Бирок кептин баары адамга күнөө коюп, орой мамиле жасаганда болуп жатат. Биринчиден, Жогорку Кеңештин жыйынына кандайча кирип калганын сураш керек болчу. Анткени ал жакка кирүү үчүн бир эмес, 2-3 жердеги күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтөт. Анан ал жакта отуруп алышып мындай кийин деп “Модный приговор” телеберүүсүнөн бетер сынашат. Андай болсо эмнеге өткөрмө тосмолордон унчукпай киргизишет? Депутаттар мындай дооматтарын күзөттө турган кызматкерлерге коюшу керек эле. Ошондуктан ал жакта отуруп сын-пикир айтардан мурда кынтыкты өздөрүнөн издеп көрүшсүн. Саясатчылар, депутаттарда дагы өзгөчө этика болушу керек. Бул бир гана депутаттарда эмес, бардык жарандардын ортосунда адамдык сапаттын принциптери болушу зарыл”, - деди Тынаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, журналист Дмитрий Ложников, жарандык активист Айбек Мырза, активист Улан Үсөйүндүн пикири бул шилтемеде.