Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

 Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

 

“Кыргызстандагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КРнын мыйзамы 21-1 жаңы беренеси менен толукталды. Ал жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлгөн акча каражаттарынын эсебинен Аймактарды өнүктүрүү фондун түзүүнү карайт. 

 

Ошондой эле “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР мыйзамынын 19-3 беренеси жаңы редакцияда баяндалган. Анда облустарды, райондорду өнүктүрүү фонддоруна жана жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендер чыккан жерлер боюнча жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле күтүүгө аларды иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардан пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн пайдадан 2% өлчөмүндө чегерилери белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан