17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты..
SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин журналист Турат Акимов жооп берди.
"Себеби ал митингде айрым журналисттер пресса деген жилети жок жүрөт, эч кандай өзгөчөлүк белгилери жок. Митингге чыккан 200-300 адам болсо анын жарымы митингди уюлдук телефонго тартат эмеспи. Митинг болот деп Азимбек Бекназаров мындан 2 жума мурун эле кыйкырып айтып жаткан. Социалдык тармактар аркылуу маалымат тарады, каалагандары бара берди. Анан ал кармалган журналист адамдар кызуу чогулган жерде болуп калса керек, ошол себептен көпчүлүк менен чогуу кармалып кетип калды.
Милиция кызматкерлерине "баарын жүктөгүлө" деген буйрук түшкөн. Алар өз милдетин аткарышты да. "Баарын жүктөгүлө, милиция бөлүмүнөн териштиребиз" деген сөздөр болгон. Бул кишини карма, тиги кишини кармаба деп айтылган эмес. Журналисттер ал жерде митинг өткөргөн жок, анын үстүнө журналисттерди кармагандан деле пайда жок", - дейт Акимов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, журналист Эрнис Кыязов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.