Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Митингге чыккан жарандардын укугу бузулса, милиция кызматкерлери жооп берет"

17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.

SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна укук коргоочу Азиза Абдирасулова жооп берди.

Анын айтымында, журналисттерге эч убакта кесиптик милдетин аткарып жатканда тоскоолдук болбошу керек.

"Пикет, митингге чыккан жарандардын укугу бузулса, милиция кызматкерлери жооп берет. Ал эми журналисттер кесиптик ишин аткарып жатканда тоскоолдук жаратпашы керек. Бирок ошол учурда журналисттин күбөлүгү болушу зарыл. Маалымат каражатынын өкүлү экенин тастыктабаган, моюнунда илинген журналисттик күбөлүгү болбосо көпчүлүктүн арасынан билинбей калат. Милиция кызматкерлери журналисттерди кармап жатканда дароо күбөлүгүн көрсөткөндө коё бериши зарыл. Бул боюнча жоопкерчилик каралган. Пикет, митинг учурунда милицияларга кармагыла деген буйрук болсо, эч кимдин айтканына кулак салбай кармап башташат", - деди Абдирасулова.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, журналисттер Турат Акимов, Эрнис Кыязов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан