Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзө албаса аларды Акаев, Бакиевдин мезгилиндегидей тагдыр күтүп калышы мүмкүн"

17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.

SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.

Ал митинг учурунда милиция кызматкерлери кармап кеткен журналист Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышы керектигин билдирди.

“Кечээги митингди видеодон толугу менен көрдүм. Кыргыз мамлекетинин Конституциясында көрсөтүлгөндөй, ар бир жаран ыйгарым укуктарынан пайдаланышып, өздөрүнүн ойлорун, пикирлерин, бийликке болгон нааразычылыгын айтканга укуктуу.

Митингде укук коргоо органынын кызматкерлери журналисттерден тышкары дагы жөнөкөй адамдарды күч менен кармап жатты. Күч менен кармап кетүү мыйзамсыз. Журналисттин ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратып, анын эркиндигин чектеп, кармаганы мыйзамсыз. Анткени аны кармаганга эмне негиз болду деген далил болушу керек. Журналист Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышы шарт. Эл талаптарын коюп жатса Ак Үйдөн бир дагы өкүл чыккан жок. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна жүздөгөн милицияларды топтоп, элди таркатып жатат. Бул дагы Кыргыз мамлекетиндеги демократиянын, адам укугунун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Мындайча айтканда, Кыргыз мамлекетинде өнүгүү болбойт. Эгерде бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзө албаса аларды Акаев, Бакиевдин мезгилиндегидей тагдыр күтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай жолдор менен алар бийлигин узак мөөнөткө кармай албай калышы толук ыктымал. Элдин пикири эске алынышы зарыл. Бир дагы мыйзам элге кыйноолорду алып келбеши керек”, - дейт Келдибаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Азиза Абдирасулова, журналисттер Турат Акимов, Эрнис Кыязов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан