17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.
SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Токтонасыров журналисттин ишине тоскоол болгон милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо керек экенин айтты.
"Некст ТВнын" журналистине милиция кызматкерлеринин кылган мамилеси алардын тартипсиздигин, сабатсыз жана маданиятсыздыгын көрсөттү. Бул сөз эркиндигине болгон кол салуу. Анткени ал телеканалдын журналисти өз милдетин аткарып, окуяны чагылдырып жүргөн. Бул жакта милиция кызматкерлери өз ишин туура билбегендиги деп эсептейм. Ал журналистти кандайдыр бир түшүнүксүз себептер менен милиция бөлүмүнө жеткиргендин өзү кылмыш. Ошол милиция кызматкерлерине иш козгоо керек. Мен жарандык активист катары бул милиция тарабынан журналистке карата одоно катачылык деп эсептейм. Тынч жыйынга чогулган элди милиция кызматкерлери кармап кетип жатты. Эгер мындай боло берсе, сөз эркиндигин каякка катабыз? Конституцияда бадырайып жазылып турат. Ар ким өз пикирин айтууга толук укуктуу. Ошол укуктан пайдаланып, жарандар өз пикирин көчөгө чыгып айтышууда. Трибуналарга чыкканда Кыргыз мамлекети сөз эркиндиктин, демократиянын аралчасы деп мактанып сүйлөйбүз. Мен көп каршылык акцияларга жалгыз чыгам. Ошондо дагы милиция кызматкерлери кыр көрсөтүшөт", - деди Токтонасыров.
Жогоку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, журналисттер Турат Акимов, Эрнис Кыязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.