Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: “Азыркы өкмөт кандайдыр бир реформа жасап, өлкөдөгү саясий же экономикалык кырдаалды өзгөртүүгө көзү жетпейт”

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал өкмөттү президент көрсөтүп, анын кишиси болгону үчүн бардык көйгөйлөрдүн чечилбей жатканы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун чабалдыгынан экенин айтты.

“Бул өкмөттөн бир нерсе күтүп деле кереги жок. Себеби бир-экөөнөн башкасынын бардыгы эле шайлоого катышып, бир лидерликке сыпаттарын көргөзүп саясатка келген кишилер эмес. Булар өмүр бою бюрократтар болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эч качан саясатчы болгон эмес. Азыр өкмөттү президент көрсөтүп, анын кишиси болгону үчүн бардык көйгөйлөрдүн чечилбей жатканын өлкө башчы Жээнбековдун чабалдыгынан деп айтсак болот. Мындан тышкары бул өкмөттүн кандайдыр бир реформа жасап, өлкөдөгү саясий же экономикалык кырдаалды өзгөртүүгө көзү жетпейт. Себеби буларда элден алган мандат жок. Бардыгы саясий конъюнктурага карап, өмүр бою унчукпай жүрүп кызматка келген кишилер. Мурдагы өкмөттөрдүн реформаларын бышырып, пиар кылгандай болуп жатат. Фундаменталдуу көрсөтө турган багыты же концепциясы жок. Эгерде бири-бирин көзөмөлдөгөн күчтүү өкмөт керек десек, Конституцияда көргөзүлгөндөй, өкмөттү парламенттин ичинде атаандаштык аркылуу парламентарийлер өздөрү чыгарып курашы керек. Өкмөттүн мүчөлөрү дагы ошондой жол менен келиши зарыл. Жетинчи кабаттан кимди көрсөтсө ошону шайлап коё бербей”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Игорь Шестаков, экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан