Депутат Кенжебек Бокоевдин Жогорку Кеңештин функциясын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Конституцияда, мыйзамдарда бир нече мамлекеттик бийлик органдары жыл сайын отчёт берет деп жазылган. Отчёт бергенде парламенттин баа бериши тууралуу жазылган эмес. Эгерде Жогорку Кеңеш бийлик органдарынын ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берсе эмне боло турганы каралган эмес. Мындай баа бериле турган болсо, ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча маселе каралышы керек", - дейт Бокоев.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин комитет жыйындарында каралып баштайт.