Чолпон-Атада өткөн "Мейкин Азия" фестивалынын гала-концертинде Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди.
"Популярдуу музыканын Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайм! Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн бул фестиваль ар бир катышуучунун жашоосундагы гана эмес, биздин өлкөнүн маданий жашоосундагы жаркын окуя болуп каларына ишенем. Иш-чара дүйнөнүн 17 өлкөсүнүн өкүлдөрүн чогултуп, достук менен биримдиктин символу болуп калды. Биз жаңы таланттардын, жаңы жылдыздардын жаралышына күбө болдук. "Мейкин Азия" мындан ары кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн визиттик карточкасы болуп калат",- деп жазылат кайрылууда. Нарымбаев өлкө башчынын атынан бардык катышуучуларга чыгармачылык жетишкендик, ийгилик, бакыт каалады.