Жалал-Абад шаарынын вице-мэри: "Кышка даярдык көрүү ойдогудай уланууда"

Жалал-Абад шаары кышка даярданууда. Шаарда 5 аймактык башкармалык болсо, учурда анын төртөөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен тазаланууда. Коммуналдык чарба жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев: "Кышында жолдорду кардан тазалоо үчүн 60 тонна туз, 100 тонна кум даярдалды. От казандар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы 4 от казан курулуусу пландалууда. Шаардык билим берүү башкармалыгы ушул жылдын 22-июлунда 635 тонна көмүр сатып алууга тендер жарыялайт. Негизинен кышка даярдык көрүү жакшы, ойдогудай уланып жатат",- дейт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан