Бишкекте сарыктын С түрү менен жабыркагандар үчүн дарылардын арзандатылышын талап кылган акция өтөт

Бишкекте 24-июлда саат 10:00дө "Кыргызпатенттин” алдында “Мүмкүнчүлүк баарына! Дарылануу ар бирине!” аталышындагы акция өткөрүлөт. Бул иш-чара сарык оорусунун С түрү менен жабыркагандар үчүн дарылардын арзан болушун талап кылып уюштурулмакчы. Бул акция ар жыл сайын 28-июлда белгиленүүчү Сарыктын С түрү менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлөт. Анда атайын театрлаштырылган оюн көрсөтүлүп, асманга 100 шар учурулуп, имараттын алдына бул дарттан жабыркаган адамдардын тарыхы жазылган плакаттар илинет. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 220 миң жаран аталган илдет менен ооруйт. Ал эми дарылануунун бир курсу үчүн бир кишиге 15 000 доллар каражат керектелет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан