"Кыргызстанда муниципалдык кызматкерлердин 20 пайызынын жогорку билими жок". Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Айтымында, өткөн жылдын октябрь айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесипке жарамдуулугун текшерүү учурунда алардын 20 пайызынын жогорку билими жоктугу белгилүү болгон. “Текшерүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлгөн. Алсак, Кара-Суу, Ноокат жана Панфилов райондорунда айрым жергиликтүү бийликтин кызматкерлери шайлоо учурунда мыйзамды бузуп, кызматынан пайдаланышкан. Каржы боюнча көз боёмочулукка барышкан. Алардын баары кызматынан четтетилген. Ошондуктан бардык маселелерди өздөрү тандап өздөрү көзөмөл кылуусу үчүн кадрдык жана каржылык укуктарды акимдерге берели деп жатабыз” - деди Сарпашев.