Президент Алмазбек Атамбаев “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал Япониянын жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилген чет мамлекеттердин тизмесине киргизет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.