Бишкек ШИИББИ быйыл шаарда кылмыштуулуктун саны азайганын билдирет. Мисалы, 2012-жылдын 6 айында борбор шаарда 5236 кылмыш катталса, 2013-жылдын 6 айында 5132 кылмыш катталды же 104 кылмышка азайды. Ал эми кылмыштардын бетин ачуунун 6 айдагы көрсөткүчү былтыр 55,3 пайызды түзсө, быйыл 56,9 пайызды түздү же 1,5 пайызга көп. Бишкекте катталып жаткан кылмыштар жалпы өлкөдөгү кылмыштардын 39,9 пайызын түзөт, башкача айтканда, ар бир үчүнчү кылмыш борбордо болот. "Буга ички миграциянын күчөшү, социалдык-экономикалык абал, алыскы аймактардагы жумушсуздук таасир этүүдө",- деп билдирет Бишкек ШИИББи.