Саясатчы Бектур Асанов 1969-жылы 5-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында туулган. Ал 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
1992-1995-жылдары "Эркин Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары;
1999-жылы "Эркин Кыргызстан" партиясынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
2000-жылы "Эркин Кыргызстан" прогрессивдүү демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары;
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2005-жылдын 28-мартынан тарта Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу;
2005-жылдын октябрынан 2007-жылдын февралына чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасы;
2007-2008-жылдары Жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана балдарды коргоо мамлекеттик агенттигинин директору;
2009-2010-жылдары Кыргыз мамлекетинин Пакистандагы элчиси;
2010-2011-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору;
2010-жылдын июль айынын тарта "Эгемен Кыргызстан" партиясынын төрагасы.
2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Бектур Асанов "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.
Быйыл 12-февралда ал мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
5-мартка карата жылнаама.