Алмазбек Атамбаев: "Жээнбековдор жылуу, жумшак отурганда Акаевдин бийлигине каршы биз чыкканбыз"

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы башталды. Иш-чара курман болгондорго багышталып куран окуу менен башталып, ага миңге жакын адам катышууда.

Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан катышууда.

Эскерүү иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевге сөз берилип, ал Аксы окуясынын себептерине токтолду.

"Аксы окуяларынын Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар. Анткени бул окуя болбосо андан кийинки ири 2 революция болмок эмес. Аксы окуясында эл эркин сүйлөсүн, талабын ачык айтсын деп каза болгондор болду. Бул окуянын себеби - Кытай-Кыргыз чек араларын тактоо иштери жүрүп жатып, 1994-жылы кол коюлган келишимдин негизинде 120 гектар жер, Үзөңгү-Кууш тоосу кошо берилген. Муну парламентте ачык айтып чыккандарды бийлик каматкан. 1916-жылы Кытайга качкан ата-бабалардын сөөгү калган Үзөңгү-Кууш берилип кеткен. Буга аксылыктар көтөрүлгөн. Куралчандар куралы жок карапайым элди аткан. Эсимде бар, 2002-жылы январда Түркияга кеткем. УКМКнын кызматкерлери келип "кет" деп айткан. Мындай окуя болгондо келгем.

Азыркы бийлик Атамбаевге барбагыла деп жатат. Жээнбековдор жылуу, жумшак отурганда биз Акаевдин бийлигине каршы чыкканбыз. Бакиевдин убагында Аксы окуясы унутулуп жатканда 2012-жылы буйрук чыгаргам", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан