Бүгүн, 17-мартта "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышууда.
Экс-президент иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып, азыркы бийлик бир катар кемчиликтерди кетирип жатканына токтолуп, Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгендиги үчүн элден кечирим сурады.
"Өмүр бою үй-бүлөлүк бийлик менен күрөшүп, ичин көрбөй, тышын гана көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм. Мен дайыма өз катамды оңдойм. Мындай чындыкты дайыма айтам. Атамбаевди жок кылсак, саясаттан кетирсек деп жатышат. Мен айтып коёюн, Атамбаевди өлтүрүп салсаңар да Атамбаевге окшогон дагы 100 миңдеген адам чыгат.
Бүгүн да Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет. Дос катары эмес, мындай достордон Кудай сактасын. Экс-президент катары кайрылгым келет. Сен партияны, "Айкөл Ала-Тоону" бөлгөн жоксуң, элди бөлүп жатасың. Эл чыдайт, бирок эл - сел. Азыркы бийлик элди коркутуу менен башкарабыз деп жатат. Алар коркутуп парламентти башкарат, бирок элди минтип башкара албайт.
Мен 2011-жылы президент болуп келгенде күнүнө 2 жолудан митинг өтчү. Электр жарыгы жок, жол начар, айлык аз болуп митингге чыгышчу. Бийлик өзү элди митингге түртөт. Айлыктарды колдон келишинче көтөрдүм, кыргыздын армиясын түздүм. Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, Кыргызды дүйнөгө тааныттым, баары суктанышты. Аны да башка мамлекетке берип коюшту", - деди Атамбаев.
Ал Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап жатканда белгисиз адам Атамбаевдин сөзүн бөлгөнгө аракет жасады.
"Жыл сайын эмнеге куран окуп, эскерип жатабыз. Жигиттерибиз элдин эркиндиги үчүн курман болгон. Кыргыз мамлекетинде тынчтык болсун. Элге рахмат, коркутуу болсо да келип берди. Ашыкча сүйлөп койсом кечирим сурайм. Мен силерди сагынып калыптырмын", - деп сөзүн жыйынтыктады экс-президент.