Бүгүн, 17-мартта "Медиа-Форум" имаратынын алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Бул окуяда курман болгондорго багышталып куран окулгандан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.
Иш-чарага келген экс-депутат Равшан Жээнбековго сөз берилгенде ал Аксы маселеси тарыхтагы кара күн экенин, сабак ала турган окуя экенин белгиледи.
"Бул бийлик адамдарына сабак боло турган нерсе. Бул бийлик элинен коркуп мамиле жасай турган окуя. Коркпостон келип жатканыбыз - элибиз, бийлик көңүл бура турган нерсе. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк башкаруу коркунучу кайрадан пайда болду. Президенттин туугандары бийликте отурганы буга далил.
Оппозиция маселеси. Биз дайыма президенттик мамлекетте жашайбыз. Парламент, өкмөт жана башка бийликтегилер азыркы бийликке кошомат кылып жатышат. Атамбаев башында турган КСДПнын оппозицияга өттү дегенин толугу менен колдойм. КСДП, оор заманды башыңардан өткөрүп жатасыңар. Саткындар партияңардын канатын кайрыды. Саткындар тарыхта да болгон. Алардын айынан экинчи эшигиңер ачылат. Партияңарды, Атамбаевди саткандарга түшүнбөйм. Мен Атамбаевге 7 жыл оппозиция болгом. Оппозициядагы Атамбаевге оппозиция боло албайм.
Менин көз карашым, КСДП муну толугу менен колдойт деп ойлойм. Атамбаев Кыргыз мамлекетин парламенттик өлкө кылабыз деген. Биз парламенттик өлкө болушубуз керек. Биз адилеттүү сот түзүшүбүз зарыл. Адилеттүү сот президентке, парламентке баш ийбеши керек. Шаар мэрлерин, айыл башчыларын эл шайлашы кажет. Балдарыбыз сапаттуу билим ала турган, сапаттуу медицинага көңүл бурушубуз керек", - деди ал.