Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгиледи. Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен. Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Flowhive
2019-03-20 09:53:36
Тергөөчүлөр сурап кеткенден кийин да акыбалын сурап койгула
0
senchi
2019-03-20 12:17:14
Кыргыз-Тажик чек арасы талкууланып жатса эмнеге министир келген жок, ордун бошотсун башкаларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан