Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалап, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Өкмөт башчы жапа чеккендердин жакындары менен да сүйлөштү.
Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.