Жалал-Абад. Шаардык салык кызматы жарым жылда 301 миллион сом салык чогултту
"Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгы көмүскө ишкерлик менен алектенип, салык төкпөгөндөрдүн бетин ачууда",- деп билдирди аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Улукбек Жумашев. Айтымында, шаарда 2013-жылдын 6 айында 301 миллион 11 миң сом салык жыйналган. Ал эми берилген план 291 миллион 909 миң сом болгон. Салык чогултуу 103,1 пайызга ашык аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 44 миллион 289 миң сом көп чогултулган. Мындай жетишкендиктер көмүскө иштеген ишкерлерди аныктап, аларга салык төктүрүүдөн улам болуп жатканын айтат Жумашев.