"Ала-Бука районундагы №30670 Аскер бөлүгүнүн танктары чак түштө тынчтыкты бузуп турак үйлөрдү жогорку ылдамдыкта аралап өтөт". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видеосун жөнөттү. Анын айтымында, аскердик бөлүктүн танк жана башка аскердик техникаларды айдап өтө турган атайын башка жолу бар дейт.
"Тонналаган оор аскердик техниканы калк жашаган аймак аркылуу айдап өтүшөт. Мындан улам үйлөрүбүздүн дубалдары жарылып, жер титиреп кетет. Тынчтыгыбыз бузулат, көчөдө ойногон бала-чаканы тебелетип кетчүдөй катуу ылдамдыкта айдашат. Аталган аскердик бөлүк Ала-Букага 2013-жылы көчүп келген. Ошондон бери ушул көрүнүш, арызданып деле жатабыз. Жооп болгон жок. Генералдык план боюнча техникаларды айдап өтүүчү башка жол бар, бирок ал тарап аркылуу чыгышпайт. Тиешелүү жактар көзөмөлдөп коюшса", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.