Бишкектин Ленин райондук сотунда өзүн жаман сезип жаткан Бишкектин экс-вице-мэри Валерий Корниенкого медициналык жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам” кызматы келди. Учурда дарыгерлер айыпталуучунун абалын текшеришүүдө. Белгилей кетсек, бүгүн, 29-июлда Нариман Түлеев жана мэриянын мурунку бир нече кызматкерлери боюнча өтүп жаткан соттук отурумда акыркы сөз берилгенде Валерий Корниенко өзүн начар сезип жатканын айтып, сүйлөөдөн баш тарткан болчу.