Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында тамактанууга келген киши бир порция кесме үчүн 2 жаштагы кызын күрөөгө койгон. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Фошань шаарынын тургуну тамактануу үчүн 2 жаштагы кызы менен ашканалардын бирине кирген. Алар бир кесе кесме алышкан. Жеп бүткөндөн кийин эсепке 6 юань (63 сом) жетпей калып, атасы кызын күрөөгө таштаган. Ал бир сутканын ичинде акча таап келип, эсептешип, кызын алып кетерин убадалаган. 2 жаштагы кыз атасы кеткенден кийин чыр салып, тамактануучу жайдын кызматкерлеринин айласын кетирген. Мындан улам аталган жайдын администратору кыздын атасын издегенге аракет кылган. Бирок таба албай турганына көзү жетип, полиция чакырганга мажбур болгон.
Полиция кызматкерлери кызды алып кеткенден 2 сааттан кийин атасы келген. Ал полиция бөлүмүнө барып кызын таштап кетпегенин, болгону акча таап келүү үчүн кеткенин айтып, алып кеткен.