Өзгөндө 80 жаштагы карыяны унаа сүзүп, ал ооруканада өзүнө келе албай жатып каза болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жеңил унаа 80 жаштагы карыяны сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-апрель күнү Ош-Бишкек жолунун 620-чакырымында Өзгөн шаарынын Кароол айылында болгон. Анда 21 жаштагы М.М. аттуу тургун өзүнүн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөн шаарына бара жаткан.

"Өзгөн шаарынын 80 жаштагы тургуну жолдон чуркап өтө калам дегенде унаа аны сүзүп кеткен. Кырсыктан улам аймактык ооруканага жеткирилип, ал өзүнө келе албай жатып каза болду. Учурда аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан