“Газпром” Кыргызстандагы бардык эскирген газ түтүктөрүн алмаштырат

Кыргызстандагы эскирген бардык газ түтүктөрүн орусиялык “Газпром” ишканасы алмаштырат. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, “Газпром” 5 жыл ичинде өлкөдөгү газ инфраструктурасын жакшыртууга 20 миллиард сом өлчөмдө инвестиция салат. Бул аракеттер Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Орусиянын Энергетика министрлиги аралык кол коюлган келишимге ылайык жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, Орусия  тарап магистралдык газ түтүктөрүн, жабдууларын өнүктүрүү, КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясатты сактоо, ошондой эле республика керектөөчүлөрү үчүн газды үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин өзүнө алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан