Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселе каралат

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасайт. 3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-06-04 08:28:23
Окмот чек араны чечсе чечсин чечпесе окмотуктон кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан