"Сөөгү күйүп кеткен үйдүн ичинен табылды". Чек ара чырында каза болгондордун саны 35ке жетти

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон жарандардын саны 35ке жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда маалыматты тастыкташты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Максат айылынын 1967-жылы туулган тургуну болгон.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, каза болгон жаран ооруканада жаткандардын катарынан эмес.

"Маркум жаран ооруканада жаткан жарадар жарандардын арасынан эмес. Ал Баткенде жеринен каза болгон. Маркум жарандын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында күйүп кеткен үйдүн ичинен табылган", - деди министр.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BoDiNur
2021-05-03 12:08:08
Аай журогум ой, байкуш киши
+12
Dembele84
2021-05-03 12:40:18
Тажиктер кирип келип олтургону ото обидно болду(((
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан