Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Азаттык" радиосунун "Миллиондордун изи менен" иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди. Анын кайрылуусун парламенттин басма сөз кызматы таратты.
"Анонимдүү булактардан тастыкталбаган маалыматтарды чогултууну иликтөө деп атоого болбойт"
"Кымбаттуу жарандар, бүткүл жума ичи биз иликтөөнүн автору тарабынан айтылган бардык маалыматтарды изилдедик да, ар бир пункт боюнча жооп даярдадык. “Азаттык” радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө эч кандай далили жок эле айыптаган. "Азаттык" иним Руслан Матраимовду, карындашым Чынара Матраимованы тастыкталбаган маалыматтарга жана анонимдүү булактарга таянып, алар жасабаган иштер үчүн айыптаган.
Мен бул радиону тереӊ урматтайм, анткени аны кыргыз журналистикасына гана эмес, өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка да таасир берген олуттуу басылма катары көптөр баалашат. Алар дайыма чындыкты издөөгө милдеттүү жана ушуну жасоого аракеттенишет. Бирок бул иликтөөдө алар абдан көп такталбаган маалыматтарга жана аша чабууларга жол беришкен. Мен бардыгы ката кетире тургандыгын түшүнөм. Бирок анонимдүү булактардан тастыкталбаган маалыматтарды чогултууну иликтөө деп атоого болбойт. Материалда менин дээрлик бардык бир туугандарыма карата биздин ысымыбызды булгаган айыптоолор бар", - дейт Матраимов.
"Фондубузга бир адамдан 2,3 миллион доллар эмес, 200 миӊ долларга чукул акча келип түшкөн"
"Биз кайсы бир Айэркен Саймаити жана Вуфули Бумаилиамуну аттуу адамдардын ким экенин айкындоого аракеттендик. Биздин маалыматтарыбыз боюнча, Саймаити - кыргыз базарларында товарларды импорттоочу же экспорттоочу соодаргерлердин арасында жетишерлик белгилүү адам. Ал базарларда иштеген бизнесмендер үчүн акчалай транзакцияларды жөнөкөйлөштүрүү үчүн өзүнүн ортомчулук кызматтарын көрсөтөт – алардан акчаларды чогултат жана аларды дайындалган орундарына каалаган өлкөлөргө, ким менен жүгүртүүсү бар болсо ошолорго транштар менен жөнөтөт же алардын өнөктөшүнө жөнөтүүнү өтүнөт. Саймаити өӊдүү ортомчулар мындай базарларда аз эмес. Накталай акчалардын ашыкча массасы бар ар бир базарда накталай эмес эсептешүү же акчаларды трансферлөө кызматтарына суроо-талап өсүп баратат.
Матраимовдордун Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок. Буга ылайык, "Азаттыктын" маалыматтары боюнча чет өлкөгө которулган 250 миллион долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок. Анан да, мен журналисттерди өздөрүнүн ырастоолорунда кыйла тагыраак болууга чакырууну каалайм. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов "Бешинчи каналдын" берүүсүнүн эфиринде которулган 700 миллион долларга же 250 миллион долларга биздин тиешебиз бар экенин эске албаганын түшүндүрдү. Чындап эле алардын материалында ошол акчалардын бизге таандык экени да, акчалардын кылмыштуу жол менен табылганы жөнүндө да эч кандай жүйөлөр келтирилген эмес. Бирок коом азыр дүүлүгүп алды жана журналист өзүнүн материалында бар болгону боолгологон нерсенин баарына ишенет.
"Ысмайил ата" атындагы фондго келип түшкөн бардык каражаттарды текшерип чыгып, биз кайсы бир Вуфули Бумаилиамунудан "Азаттык" жар салгандай дегеле 2,3 миллион доллар эмес, 200 миӊ долларга чукул өлчөмдөгү сумма келип түшкөнүн билдиребиз. Бирок Бумаилиамуну бул акчалардын ээси болуп саналбайт. Бул акчалай каражаттарды кайыр-садага кылган адам бизге, алар сумманы фондго ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу которушканын кабарлады. Атап айтканда, ким акчаларды кайыр-садага кылганын угузуу үчүн биз аларды жөнөткөн адамдын макулдугун алуубуз керек. Бизди каралоону токтотуу максатында, мен андан аталган каражаттарды кандай муктаждыктарга кайыр-садага кылганын чукул арада эл алдында тастыктоосун сурандым", - деди Матраимов.
"Жубайым 1995-жылдан бери бизнес менен алектенет"
"Биздин атабыздын атындагы фондго саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерибизди колдоого алышкан ар түрдүү жарандардан акча каражаттары келип түшөт. Фонд сергек жашоо мүнөзүн жайылтат жана көптөгөн турнирлерди өткөрөт. Мындан тышкары, билим берүү мүнөзүндөгү долбоорлорду колдойбуз жана стипендияга муктаж болгон студенттердин өтүнмөлөрүн канааттандырабыз.
Менин, аялымдын “АКА Петролиумдун” ээлери менен эч кандай алакаларыбыз жок. Ал 2017-жылдан баштап “Автостолица” компаниясынын жарымына гана ээлик кылат. Бул маалыматтар салык декларациясындагы "Акциялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Компаниянын башка жарымы Канат Маматовго таандык, ал менин жубайыма бизнес боюнча анын өнөктөшү болууну сунуш кылган. Аялым “АКА Петролиумдун” уюштуруучулары менен абсолюттук түрдө тааныш эмес. Менин жубайым 1995-жылдан бери бизнес менен алектенет. Андан тышкары, биздин эже-карындаштарыбыз жана кичүү инибиз Руслан Матраимов да бизнес кылат. Руслан “Ысмаил Ата” фондунун ишмердүүлүгү менен алектенет. Кандайдыр бир анонимдүү булактардын айыптоолору турмуш чындыгына шайкеш келбейт. Чынара жана Руслан Матраимовдор бажыкана иштерине азыр дагы кийлигишпейт, Раимбек Матраимов мамлекеттик Бажы кызматында иштеп турган мезгилде дагы кийлигишкен эмес.
Ошто турак-жай комплекси курулуп жаткан жер тилкеси бизге таандык. Менин бир туугандарым “Ихлас” компаниясы менен үлүштүк курулушка катышуу чечимин кабыл алышкан. Компания акча каражаттарын өзү тартат жана комплексти куруп жатат. Бул курулуш компаниясына биздин тиешебиз жок", - дейт Матраимов.
"Иним үйдү катардагы инспектор кезинде 2003-жылы сатып алган"
"Мен коомчулукту бардык жоромолдорду дыкат талдоого чакырам. Ири ЖМК тарабынан Матраимовдордун фамилиясын, биздин ал акчаларга тиешебиз бардыгы тууралуу эч кандай далилдерге ээ болбой туруп, кандайдыр бир жүздөгөн миллиондорго ушундай түрдө байлоо туура эмес болуп калды. Мен эч качан журналисттерден качкан эмесмин жана биздин каражаттарыбыз кайдан келип чыкканын түшүндүрүүгө дайыма даярмын.
2017-жылы эле, мен "Азаттыкка" интервью бергем жана үй-бүлөм бизнес менен алектенерин, эгерде менин айрым бир туугандарым мамлекеттик кызматта элге кызмат өтөшсө, башкалары жумушчу орундарды түзүү менен кызмат кылышарын айткам. Үй-бүлөбүздүн кандайдыр бир капиталы бар, аны биз көптөгөн жылдар бою чогултканбыз. Биздин атабыз Ысмаил Кара-Суу районунда мал чарбачылыгы менен эмгектенген. Ошонун негизинде биз 25 жылдын ичинде бир нече бизнес түзүүгө жетишкенбиз. "Азаттык" менин иним Райымдын Оштогу үйүн көрсөттү. Ал бул үйдү катардагы инспектор кезинде 2003-жылы сатып алган. Ошондон бери ал өзүнө эки кабаттуу үй курду, ал Оштогу ушул өӊдүү миӊдеген үйлөрдүн бири болуп саналат", - дейт Матраимов.
"Атамбаев Райымбек Матраимовдун ишинен эч кандай мыйзамсыз нерсе тапкан эмес"
"Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал бүгүн жалаӊ саясий мүнөзгө ээ болду. Мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунан башталды. Анын жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого активдүү аракеттенип жатышат. Биздин үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрүн укук коргоо органдары дайыма текшерип жатышат, ал эми ЖМКлар биз менен байланышкан бардык окуяларды дайыма терс боёкто чагылдырышууда. Бирок эч ким мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Раимбек Матраимовго эмне үчүн кылмыш ишин козгогон эмес деген суроону өздөрүнө бере элек? Эгерде иним кылмыштуу бир нерсеге аралашкан болсо, эмне үчүн Исаков да, Атамбаев да анын ишинен эч кандай мыйзамсыз нерсе табышкан эмес? Эгерде Исаков бажыкананын башчысынын мурдагы орун басары мыйзамды бузган деп эсептесе, ал аны бошотууга эмес, жоопкерчиликке тартууга тийиш болчу. Мен азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берерине жана азыркы саясий жагдай укук коргоо органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир кылбай турганына абдан үмүттөнөм", - дейт Матраимов.