Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "24.kg" сайтына койгон 15 миллион сомдук материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, "24.kg" сайты буга чейин жарыялаган макаласы далилсиз болгону үчүн төгүндөө чыгарат.
Буга чейин 20-январда болуп өткөн соттук отурумда "24.kg" сайтынын өкүлү Матраимовду коррупцияга күнөөлөп жарыялаган материалы боюнча далили жок экенин айткан.
Матраимовдор "Азаттык", "Клооп", "24.kg" сайттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.
Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.