"Биздин өлкөнүн коопсуздугу тууралуу коңшу мамлекеттерде эмнелерди гана жазып жатат" - деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Ал өлкөнүн ички жана сырткы маселелерин талкуулоо керектигин айтты.
"Кыргыз өлкөсүндөгү акыркы кылмыштар жөнүндө анын ички, сырткы маселелерин талкуулашыбыз зарыл. Бул жерде маселе өлкөнүн ички эле маселесине байланыштуу эмес, өлкөнүн коопсуздугу тууралуу маселе болуп жатат. Маселе бир гана бизнесмендердин өлүмүнө байланыштуу эмес, Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу эмес.
Учурда башка мамлекеттерде, бизге дос деген мамлекеттердин интернет сайттарында өлкөнүн коопсуздугу тууралуу эмнелер гана жазылып жатат. Өлкөнүн коопсуздугу тууралуу жабык талкуулайбызбы? Бүгүн же эртең Кыргыз өлкөсүндөгү коомдогу талкууланып жаткан кылмыштарды талкуулашыбыз керек. Маалыматтык коопсуздук тууралуу да сүйлөшүп алсак", - деди Казакбаев.