Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынын түштөн кийинки бөлүгүнө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакыртылды.
Жыйындын башталышында эле эл өкүлдөрү тарабынан жыйынга өкмөт башчы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери келишин талап кылуу менен башталды. Депутаттар өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатканына тынчсызданышты. Буга аз убакыттын ичиндеги эки бизнесмендин өлүмү жана Түркияда издөөдө жүргөн Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандардын экөө Кыргыз жарандары экени себеп болгон.
Өкмөт башчы күн тартибиндеги 12-маселе (“Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору) боюнча чакырылган.