ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абадда крандан кум жана чөп аралаш суу чыга баштады

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы Энергетика көчөсүндө жайгашкан үйдүн кранынан таза эмес суу чыгууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, 4-июнь күнү суу чыккан эмес. "Айтка карата айылга кетип 6-июнь күнү келсек, крандан суу өтө эле аз чыгып жатыптыр. Ачып карасак чөп, кум жана бир нерселер тыгылып калыптыр. "Суу канал" ишканасы ар бир адамга акча алышты билет, таза суу жеткирип бере алышпайбы? Мындан оорулар пайда болот да", - деп нааразы окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Жалал-Абадда крандан кир суу чыга баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан