Белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар ушул жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 15-октябрда “Ала-Арча” комплексиндеги Асанкан Жумакматовдун эстелигине гүл коюлуп, эскерүү митинги болот. Ошол эле күнү дирижёрдун мемориалдык тактасын ачуу аземи болот. Сентябрь айынан октябрга чейин окуучулар, студенттер арасында “Айтылуу дирижёр Асанкан Жумакматов” аттуу дил баян сынагы болот. Ал эми тарых музейинде жана Улуттук китепканада көргөзмөлөр уюштурулса, 23-октябрда А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эскерүү кечеси уюштурулат. Ал эми 25-октябрда юбилейлик датаны белгилөө Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот.