Казакстандык интернет колдонуучу митингдеги сүрөттөрдүн баянын башка нукка буруу менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Ушул жылдын 9-июнь күнү Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Мамлекетти дээрлик 30 жыл башкарган Назарбаевдин мураскору Касым-Жомарт Токаев 7 талапкердин ичинен жеңүүчү болуп чыкканы таң калычтуу болгон жок. Бирок шайлоо массалык нааразычылык акциялар жана митингдер менен коштолду. Өлкөнүн Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, "Алга Казахстан", "Бостандык!", "Бойкот!" деп кыйкырып жатышты. Бул акциядан көп эле сүрөттөр жарыяланып жатты.

Анын арасында социалдык тармактын Reichsbürger деп катталган колдонуучусу сүрөттөргө өзгөчө сүрөттөө жазуу менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал 9-июндагы гана сүрөттөрдү эмес, ага чейин да болуп өткөн нааразычылык акцияларда объективге түшүп калган көрүнүштөрдү топтогон. Кызыгы, сүрөткө баяндаманы окуянын карама-каршы жагына багыттап жазган. Мисалы, митингге катышкан кызды тартип сакчылары кармап бараткан учурду ал: "Кыз чуркап бара жатып пейнтбол ойноп жаткан жигиттердин жанына жеткенде жыгылып түштү. Камкор чоочун адам анын буту оорубашы үчүн ошол жерин үйлөп, ал тургай өпкөнү жатат", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira1989
2019-06-14 16:10:18
Мага жакты суротторго Берген комментарийи...)))
+4
Bodibilding
2019-06-14 17:08:47
Хаха жакшы комментарий
0
dmd
2019-06-14 17:12:45
"Кайран гана казагым..."

(Бекежандын арттан чыккынчылык менен аткан жебесинен мерт болуп бараткан Төлөгөндүн өлүм алдындагы сөзү, "Кыз Жибек" тасмасы)
0
katerina.li
2019-06-14 18:09:47
Ой боорум. Ай . Куло бердим окуп алып. Казагы болобу,кыргызы болобу иши кылса тынчтык эле болсокен
+1
Chungyz
2019-06-14 19:10:03
Казак кочу уланат
+1
KaGaH
2019-06-14 23:03:21
Жакшы
+1
raykray
2019-06-15 13:01:29
Кандай соонун,маанайды 10 эсе которду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан