АКШда сууда сүзүп жүргөн 8 жаштагы баланын бутун акула тиштеп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-июнда Түндүк Каролина штатында орун алган. Анда жээктен алыс эмес жерде сууда сүзүп жүргөн балага акула кол салган.
"Акула 8 жаштагы баланын бутун тиштеп, анын тиштеринин издери калган. Кансыраган бала учак менен дароо ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучунун абалы канааттандырарлык, өмүрү коркунучта эмес. Бир ай аралыгында акула адамга кол салган үчүнчү окуя катталды. Буга чейин да акула өспүрүмдүн бутун тиштеп алган", - деп айтылат маалыматта.