Дүйнөнүн эң меймандос өлкөлөрүнүн тизмеси жарыяланды

Саякатчылардын баамында дүйнөнүн эң меймандос өлкөсү - бул Таиланд.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Booking.com компаниясынын адистери 20 миңден ашык туристтердин пикирлерин угушкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында катышуучулардын 85 пайызы Таиланд конокторду башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы тосуп аларын айтышты.

Тизменин экинчи сабында Индонезия өлкөсү (83%) ээледи, 3-катарда Мексика 77% жыйынтык менен, ал эми төртүнчү-бешинчи орунду Тайвань аралы (77%) жана Индия өлкөсү (75%) ээлеген.

Ал эми дүйнөнүн эң меймандос шаары болуп Венгриянын борбору Будапешт эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
mirkaa5182
2019-06-24 10:54:42
Кыргыздар деле меймандос келет
+8
isarti
2019-06-24 10:55:29
Кыргыздар каякта калып кетти.
+5
Jelezo
2019-06-24 11:13:53
Кыргыздар туристерди тоноп жүрсо каяктан тизмеге кошсун.
+38
bond02
2019-06-24 11:15:53
Кыргыздар конок тосконду жакшы эле билебиз, бирок чет элдик туристтерди тосконду жакшы уйроно элекпиз.
+19
Kyrgyz-jigit.com
2019-06-24 11:18:07
Чет элдиктерге боло берет деп кызмат көрсөтүүлөрдү 1000$дан нары сүйлөсөк каякта кошсун. Кыргыздар мейман достукту куда-сөөккө, дос-тууганга эле көргөзөбүз той кылып атканда.
+21
Jango
2019-06-24 12:21:16
Мексика дейби ал эн корптуу шаар деп окуганым да бар интернеттен Индия деле кооптуу кыргызстан кудайга шугур жакшы эле тосуп алабыз
-6
dmd
2019-06-24 12:38:49
Апей, Тайвань дебей Кытайдын бир облусу девейсиңерби? :)
Ажобуз өткөндө "КР Тайванды Кытайдын ажыратып алгыс бир бөлүгү деп тааныйт деди го.
+2
Tursunbaev2017
2019-06-24 15:01:13
dmd,толук окуп маанисине түшүнүп анан билдирүү жазсаңар,Таиланд деп турат,каяктагы Тайванды жазып атасың?
+1
dmd
2019-06-24 16:29:47
Tursunbaev2017,
сиз жакшылап окуп көрсөңүз
+4
MAN-CITY
2019-06-25 01:43:44
dmd,Тайваньдын эли оздорун кытайга коз каранды эмеспиз деп эсептешет. Экономика жагынан коз карандысыз Тайвань
0
Dembele84
2019-06-24 13:02:56
Алдынкы орундагы олколорго жылына канча миллиондогон турист барып атса ошолор барып жургон жерин айтат да,Кыргызстанга туристтер аз келсе и анын копчулугу озубуздун коншу олколор болсо,алардан ким сурап отурду дейсин.Дагы бизде туристтерге меймандос мамиле кылуу анча деле онуккон эмес.
+8
xnurgul_gul
2019-06-24 18:04:57
Нормальный туалет даарат алгычы менен он
откулачы силерден сураныч эй Аэропортто дагын ушул иши кылса туристтеримди туалетке алып баргандан уялып жер жарылбады же мен кирип кетпедим налог толоп жатабызго шакылдатып
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан