Жүрөк жылыткан сүрөт. Арыс шаарында куткарылып жаткан адамга "тепкич" болгон жоокер элдин алкышына калды

Интернет айдыңында Арыс шаарында жергиликтүү адамдарды куткарып жаткан жоокердин сүрөтү талкууга түштү. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.

Ал сүрөттө жоокер улгайып калган аялдын унаага түшүп кетиши үчүн тизелеп, аркасын тосуп берген. Казак өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей аталган сүрөт интернет тармагында көптөгөн "жакты" белгилерин алган.

"Сүрөттө Шымкенттин өрт өчүрүүчүлөрү Абылай Бабахан, Бексултан Миятулы, Усен Аскарулы Арыстын жашоочуларын шаардан эвакуациялап жатканда тартылган", - деп билдиришкен министрликтен.

Ал эми тизелеп жерде отурган жоокер Бексултан Миятулы улгайган аялга гана эмес, 15 адамга аркасын тосуп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nur777
2019-06-27 17:34:24
Азамат!Берки ыйлаакка караганда жигит экен))
+15
kechirmeni
2019-06-27 17:41:53
Nur777,кайсы ыйлаак
-3
Nur777
2019-06-27 19:20:29
kechirmeni,ошол жарылууда бир аскер ыйлап ата-энесине видео жибериптир,издесен бар,сонку кабардын отконку кундорундо,башка аскерлер спокойно элдерди эвакуациялап атса ал бышандап отурат бурчта Сирияда жургонсуп))
+6
bema_bema
2019-06-27 17:41:11
Молодец жигит экен
+3
Acord
2019-06-27 18:12:21
Азамат элдин уулу деп ушуну айт
+2
bond02
2019-06-27 19:59:33
Молодец иним, жакшы иш кылыпсын. Бейиш эненин таманы астында.
+3
33SUUN
2019-06-28 02:32:49
Ыйлаак солдат кантип калды экен? Журогун котортуп коюш керек ал баланын.Же ап-аптап.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан