Бразилиянын президентин саммитке коштоп келе жаткан учактан 39 килограмм кокаин табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кокаин аскер учагынан табылган.
Бразилиянын коргоо министри билдирүү таратып, баңгизат саммит болчу Осака шаарына учуп бара жаткан учактардын биринде табылганын, мындан улам Севилья шаарынан учакты кондурууга мажбур болушканын билдирген.
Испаниялык басылмалар бул окуя боюнча 38 жаштагы сержант Мануэль Сильва Родригес кармалганын жазышты. Ошондой эле кармалган сержант буга чейин Бразилиянын 3 президентин 29 эл аралык иш сапарга коштоп барганын билдиришүүдө. Кокаин сержант учактан түшкөндө колундагы жүгүнөн табылган.
Ал эми президент Твиттердеги жеке баракчасына сержантка катуу жаза талап кылып, коргоо министри бул ишти өз көзөмөлүнө алуусу керектигин билдирген.